БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жиу-житсу боюнча курама командасы Бахрейндеги Азия чемпионатынан бир күмүш жана үч коло медаль алды. Бул тууралуу аталган федерация кабарлады.
Мелдеш 25-30-март күндөрү өткөн. Өлкө атынан жалпы 11 спортчу катышып, төртөө медалга жеткен.
Күмүштү Нурсултан Арзыматов (56 кг), коло байгелерди Руслан Сагдеев (94 кг), Төрөкан Багынбай уулу (77 кг) жана Айжан Кадырбекова (63 кг) алган.