Радио

Жаркынбаева: эл каттоодо адамдын көз айнек тагынар-тагынбасы да суралат

Улуттук статистика комитетинин регионалдык статистиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Жаркынбаева эл жана турак жай каттоонун формасы КМШ мамлекеттери үчүн бирдей экендигин маалымдады.
Sputnik
Учурда эл жана турак жай каттоо улуттук долбоору жүрүп жатат. Азыркы Кыргызстандын аймагында алгачкы каттоо 1897-жылы өткөн. Эгемендүүлүктү алган соң 1999-жылы, 2009-жылы улуттук каттоолор болгон. План боюнча учурдагы каттоо 2019-жылы жасалышы керек эле, пандемиядан улам быйыл ишке ашып отурат. Бул тууралуу Айгүл Жаркынбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл каттоонун суроолору эл аралык стандартка ылайык түзүлгөн.
"Учурда көпчүлүгү эл каттоо десе эле адамдардын өзүн каттоо деп түшүнүп жатышат. Бирок бизде азыр эл жана турак жай каттоо улуттук долбоору жүрүүдө. Ага ылайык үйдө канча бүлө жашары, турак жайдын канчасы колдонулган аянтка кирери, дубалы кандай материалдан тургузулганы, суу үйгө киргизилгени же сырттан ташылары сыяктуу суроолор берилет. Ошондой эле үйдө компьютердин бар-жогун да сурайбыз. Бул калктын канча пайызы аталган техника менен колдонот, канчасы интернетке туташканын билүү максатында жасалып жатат. Ага катар эле жарандардын угуучу аппарат, көз айнек тагынарын жана басканда же тепкичтен көтөрүлгөндө кыйынчылык жаратар-жаратпасын да тактап жатабыз. Ал эми бул суроолор майыптыгы жок, бирок ден соолугунда кандайдыр бир көйгөйү бар адамдардын жалпы санын чыгарууну көздөйт. Муну менен катар эле коронавируска чалдыкканын, эгер ооруса медициналык жайга кайрылганын же үйдөн айыкканын да жазып алабыз. Бул суроолор БУУ тарабынан сунушталып, эл аралык стандарттарга туура келет. Өзбекстан, Россия сыяктуу мамлекеттер деле жакында аяктаган эл каттоосунда мына ушул форманы колдонушту", — деди Жаркынбаева.
Ал каттоо электрондук таризде жүргүзүлгөндүктөн адамдардын фамилиясы эмес ысымы гана сураларын кошумчалады.