Бишкекте 2-апрель күнү жалпы ишембилик өтөт

Мэрия топтолгон таштанды менен жалбырактарды өрттөөгө тыюу салынарын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров тургундарды 2-апрель күнү өтө турган жалпы ишембиликке чыгууга чакырды. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Мэрия ар бир адам сүйүктүү шаарына убактысын арнап өзүнүн короосун, кеңсесин тазаласа шаар кадыресе тазара түшөрүн белгилеген.

"Шаардык кызматтар ишембиликке даяр. Ал эми "тазалыкчылар" топтолгон таштандыны убагында чыгарып турууга милдеттүү. Мындан тышкары, "Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында бак тигүүгө дагы басым жасалат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия топтолгон таштанды менен жалбырактарды өрттөөгө тыюу салынарын айтып, таштандыдан чыккан түтүн адамдын ден соолугуна зыян экенин эскертти.
Ак үйдүн тегерегиндеги тосмонун пайдубалы түртүлүп жатат. Видео, сүрөт