Бейшембиге карата аба ырайы

31-мартка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Таласта +14…+19, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +8...+13 градуска жылыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +18...+20, Ош калаасында +19…+21 градуска көтөрүлөт.
Ош шаарында 1-апрелден тарта жылуулук берүү токтотулат