Прокуратура: "Унаанын" кызматкерлери мамлекетке 7,8 млн. сом зыян келтирди

Мекеменин жооптуу кызматкерлери кошумча нарк салыгы төлөнбөгөн жана бажы тарабынан көйгөйү бар техниканы мыйзамсыз каттоодон өткөрдү деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери мамлекетке 7,8 миллион сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Транспорттук прокуратура тарабынан ИИМдин алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү.
"Жыйынтыгында мекеменин жооптуу кызматкерлери тарабынан Sigma Compact 200 үлгүсүндөгү асфальт чыгаруучу мобилдик заводун кошумча нарк салыгы төлөнбөгөнүнө жана бажы тарабынан көйгөйлөр болгонуна карабастан мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөн. Натыйжада мамлекетке 7 миллион 803 миң сом зыян келтирген", — деп айтылат көзөмөл органынын билдирүүсүндө.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянттык менен пайдалануусу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Ошто мыйзамсыз менчиктелген 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды