ЖК Төрөбаевди өкмөт башчынын орун басары кызматына дайындоого макулдук берди

Анын талапкерлигин 68 эл өкүлү колдоду, каршы чыккандар болгон жок.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Бакыт Төрөбаевди дайындоого макулдук берди.
Талапкерди 68 эл өкүлү колдоду, каршы чыккандар болгон жок. Ал өкмөттүн реалдуу секторун тескемекчи.
Төрөбаев 28-февраль күнү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бүгүн анын талапкерлиги парламентте каралды.
Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынын лидери болуп турган.
Өкмөт антикризистик чаралардын планын кабыл алды. Анда эмне камтылган?