Нурлан Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына лидер болду

Буга чейин фракцияны Бакыт Төрөбаев жетектеп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Депутат Нурлан Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына лидер болуп шайланды.
Буга чейин фракцияны Бакыт Төрөбаев жетектеп келген. Ал министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалганына байланыштуу лидер алмашты.
Шакиев бир мандаттуу Аксы шайлоо округунан шайланып, мандат алгандан кийин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кошулган.
Төрөбаевдин ордуна мурда соттолгон бажычы Боронбаев депутат болушу мүмкүн