Алматыда катуу шамал Boeing-737 учагын токтогон жеринен жылдырып кетти. Видео

Казакстандын түштүк борборуна келген катуу шамал бак-дарактарды талкалап, автоунааларды зыянга учураткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. – Sputnik. Алматы шаарында катуу шамал аба майдандагы ири учакты ордунан жылдырып кеткенин Sputnik Казакстан жазды.
Окуяга күбө болгондор аны социалдык тармакка жүктөшкөн.
Аэропорттун маалымат кызматы жогорудагыдай окуя болгондугун тастыктап, эч ким жабыркабагандыгын билдирди. Аба кемесинин эч жерине зыян келген эмес. Аэропорт кадимки калыбында иштеп жаткандыгын айтышты.

"Boeing-737 учагы Алматыдагы аба майданда токтоп турган. Техникалык талаптар боюнча дөңгөлөктөрүнүн алдына токтотуучу тетиктер коюлган. Күчтүү шамал аба кемесин жылдырып кеткен. Бортто ал учурда жүргүнчүлөр болгон эмес. Зыян келген жок", — деп түшүндүрүшкөн аба кемеси тиешелүү болгон авиакомпания.

Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Катамаранга окшош: дүйнөдөгү эң чоң, эки корпустуу учактын кызыктуу видеосу