Байдендин саясатынан улам АКШда ачкачылык болжолдонууда

Буга чейин Жо Байден өзү деле Украинадагы окуялар менен Россияга каршы санкциялар дүйнөлүк дефицитке алып келиши мүмкүн экенин айтып, бул эки өлкөнү Европанын "наабайканасы" деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Президент Жо Байдендин саясатынан улам АКШ болуп көрбөгөндөй азык-түлүк тартыштыгына дуушар болууда. Бул тууралуу The Daily Wire экономикалык журналындагы макалага таянып РИА Новости жазды.
Анда айтылгандай, Байден бийликте турган 14 айда инфляция акыркы 40 жылдагы эң жогорку чегине жеткен. Бензиндин баасы тарыхый рекордду жаңылады.
"Акыркы эки жылдын ичинде түшкө кирбеген нерселер чындыкка айланды. Бир түндүн ичинде чектөөлөр киргизилди, чиркөөлөр жабылды, федералдык өкмөттүн талабы боюнча бет кап тагынып калдык, экономика артка кетип, эми тамак-аш тартыштыгы башталды. Байден бул көйгөйлөрдү кадыресе көрүнүш катары карап жатат", — деп жазылат макалада.
Буга чейин Жо Байден өзү деле Украинадагы окуялар менен Россияга каршы санкциялар дүйнөлүк дефицитке алып келиши мүмкүн экенин айтып, бул эки өлкөнү Европанын "наабайканасы" деп атаган.
Ал эми БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын расмий өкүлү Томсон Пири Украинадагы окуялар азык-түлүктүн кымбатташына жана дүйнө жүзү боюнча ачарчылыкка алып келиши мүмкүн экенин эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Дональд Трамп Украинадагы кырдаалга Байденди күнөөлөдү