Мугалимдердин документ иштеринин кыскарышы билим сапатын жакшыртууга өбөлгө болот. Бул тууралуу Салтанат Өмүрканова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, документтердин саны 15тен үчкө чейин кыскарган.
"2020-жылы 28-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин №1097 буйругу чыккан. Анда мугалимдер милдеттүү түрдө толтурушу керек болгон документтердин санын азайтуу каралган. Бирок билим берүүчү мекемелердин кайрылууларынын негизинде министрликтин жогорудагы буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча документ иштелип чыкты. Ага ылайык, мугалимдер милдеттүү түрдө толтурулуучу документтердин саны 15тен үчкө чейин кыскарган. Ал класстык журналды толтуруу, жылдык календардык планды бекитүү жана сабактын социалдык паспорту. Бул билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө болот деген ишенимдебиз. Себеби мугалим сабак берүүгө даярданышы үчүн убакыт көбүрөөк болот", — деди Өмүрканова.
Ошондой эле ал беш жыл үзгүлтүксүз иштеген мугалимдер план-конспект толтурбай турганын кошумчалады.