УКМК Өзбекстандын чекисттери менен баңги топтун ишине бөгөт койду

Эки өлкөнүн УКМК кызматкерлери Анжиян шаарынан беш килограмм гашиш сатып алып, андан ары бөлүштүрүп жаткан жеринен төрт кишини кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. УКМК кызматкерлери Өзбекстандын чекисттери менен биргеликте коңшу өлкөнүн аймагынан баңгизат ташып алектенген төрт кишини колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын алкагында чек арадан өткөн баңгизат каналдын ишине бөгөт коюлган.
Эки өлкөнүн УКМК кызматкерлери Өзбекстандын Анжиян шаарынан 5,350 килограмм гашиш сатып алып, андан ары бөлүштүрүп жаткан жеринен 29, 28, 27 жана 19 жаштагы төрт кишини колго түшүргөн.
Атайын операциянын натыйжасында баңгизат тараткан уюшкан кылмыштуу топтун аракети токтотулган.
Айдоочулардын ар биринен акча алып… Баткендеги чек арачылардын видеосу