Советтик бокс мектебинин системасын алып жүргөн машыктыруучулардын тажрыйбасын колдонуп, күчтүү мектеп курушубуз керек. Бул тууралуу Кенжебек Акелбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз боксунда көбүнесе жаштар курамасына көңүл буруп, аларга бардык шартты түзүп берүү кажет.
"Советтик бокс мектеби дүйнөдөгү күчтүү команданы түптөй алган. Кыргызстанда да күчтүү муун тарбияланып, эл аралык мелдештерде жакшы атаандаштык көрсөтүп турган. Бирок союз тарагандан кийин спортчулардын көбү башка тармактарга кетип, кээ бир турнирлер уюштурулбай калды. Советтик бокс мектебинин системасын алып жүргөн машыктыруучулардын тажрыйбасын колдонуп, күчтүү мектеп түптөшүбүз керек. Коңшу Казакстан, Өзбекстандын боксчулары Олимпиада, дүйнө чемпионатында ийгилик көрсөтүп жатышат. Менин оюмча, спортто жакшы жыйынтык болушу үчүн окуу-машыгуулардын санына жана сапатына көңүл буруу кажет. Тажрыйба топтоого, чет өлкөлүк боксчулар менен таанышып, чоң ареналарда тайманбай беттешүүгө даяр болушу керек",— деди Акелбаев.
Ошондой эле адис акыркы учурларда боксчулар арасында ири атаандаштык пайда болуп, күчтүү курам түптөлүп жаткандыгын кошумчалады.