Шаршембиге карата аба ырайы

30-мартка караган түнү Баткен, Таластан башка облустарда жамгыр, кар жаашы ыктымал. Айрым аймактарда үшүк жүрүп, бүчүр байлаган жана гүл ачкан мөмөлүү дарактарга коркунуч жаралышы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +8...+13, Талас жергесинде +9...+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11...+16, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарында +4...+9 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +10...+12, Ошто +14...+16 градуска жетет.
Үшүк жүрөт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты