Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия менен Украинанын делегация башчыларынын бетме-бет сүйлөшүүсү башталды

Стамбулда Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Россия делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский, ал эми украиналык делегацияны Жогорку Рададагы "Слуга народа" фракциясынын башчысы Давид Арахамия жетектейт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-март — Sputnik. Стамбулда Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский менен Жогорку Рададагы "Слуга народа" фракциясынын башчысы Давид Арахамиянын ортосунда сүйлөшүүлөр башталганын РИА Новости жазды.
Делегациялардын алгачкы сүйлөшүүлөрү 28-февралда Беларустун Гомель облусунда өткөн. Андан соң Россия менен Украинанын өкүлдөрү 3-мартта Беловежская-Пуща аймагында, 7-мартта Брест облусунда жолугушту. Март айынын ортосунда жолугушууларды күн сайын онлайн өткөрүү чечими кабыл алынган.
Россия Украинадагы атайын операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык делегация Стамбулга Украина менен сүйлөшүүгө келди. Эрдогандын сөзү