РФ ТИМи Байден эмоциясы менен ордуна келгис ката кетирбейт деп үмүт артат

ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова Байдендин билдирүүсү боюнча комментарий берди.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россия Ак үй эмоцияга алдырды деп жаткан АКШ президенти Жо Байдендин РФ лидери Владимир Путиндин дарегине айткан билдирүүсү дүйнөнү катастрофага кептебесе экен деп үмүт артат. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
“Ак үй Байден билдирүүсүндө эмоцияга алдырды деп жатат. АКШ президенти мындай аракеттери менен дүйнө жүзүнө коркунуч жана ордуна келгис катачылык кетирбейт деп ишенип туралы. Эгер муну эмоция дей турган болсо, сиздер жакшы билесиздер, анда ал акыл-эске, кесипкөйлүккө, логикага үстөмдүк кыла баштаган болот. Анын мындай эмоционалдык абалы дүйнөнү катастрофага кептебесе болду”, — деди Захарова брифингде.
Эскерте кетсек, Байден ишемби күнү Варшавада иш сапары менен жүрүп, "Путин бийликте калбашы керек" таризинде сүйлөгөн. Анын мындай билдирүүсү Россияда режимди алмаштырууга умтулуу катары кабылданып, АКШнын союздаштары да Байденге нааразы болушкан. Ал эми администрациясы "президенттин Россияда бийликти алмаштыруу ниети жок" экенин айтып, "Путинге коңшу аймакты көзөмөлдөөсүн чектөө" тууралуу сөз болгонун билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
FT: Россияга жасалган экономикалык басым Батышты бөлүп-жарышы мүмкүн