Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бизнесмен Абрамович Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнө эмнеге катышууда

Роман Абрамович бүгүн Стамбулдагы Долмабахче сарайына барган. Ал жерде Россия менен Украинанын делегациялары сүйлөшүү жүргүзүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россиялык бизнесмен Роман Абрамович Россия менен Украинанын "баарлашуусун" камсыздоо үчүн сүйлөшүүлөргө тартылды. Анын катышуусун эки тарап тең жактырган. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Стамбулда Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган делегацияларынын Түркия президенти Тайип Эрдоган менен учурашуусу учурунда Абрамович дагы жүргөнү белгилүү болгон.
"Эки тараптын байланышын ишке ашыруу үчүн адатта тараптардын макулдугу керек. Абрамович боюнча дагы эки жактын тең уруксаты бар", — деди Песков.
Ал ошондой эле Абрамович делегациянын расмий мүчөсү эместигин айтып, бизнесмен Россия менен Украинанын делегацияларынын баарлашуусуна кандайдыр бир салым кошуу үчүн тартылганын кошумчалады.
"Биз тараптан Абрамович бүгүн Стамбулга дагы барды", — деди Кремлдин өкүлү.
РФ президентинин маалымат катчысы Абрамович ууланганы тууралуу кабарды төгүндөп, бул маалыматтык согуштун бир бөлүгү гана экенин белгиледи.