БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россия президентинин жардамчысы, россиялык делегациянын жетекчиси Владимир Мединский украин тарап менен Стамбулда өткөн сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Урунттуу учурлар:
Сүйлөшүүлөр конструктивдүү өттү. Биз Украина тараптын сунушун алдык, аны карап чыгабыз. Анда келишимге киргизиле турган позициясы так-таасын жазылган. Бул сунуш жакынкы аралыкта каралат, президентке жеткирилет. Андан соң жообун беребиз;
Москва жаңжалды деэскалациялоо боюнча Украина менен мунасага келүү үчүн кадам жасады.
Путин менен Зеленскийдин жолугушуусу тууралуу суроого:
биз башынан эле айтып келе жатабыз, тынчтык келишими даяр болгондон кийин гана жолугушууга жол ачылат.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.