Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мединский: деэскалация атышууну токтотуу дегенди түшүндүрбөйт

Буга чейин Мединский Москва Киев менен мунасага келүү үчүн кадам жасай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Россия президентинин кеңешчиси Владимир Мединский украин тарап менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу RT агенттигине айтып берди.
Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөр бүгүн, 29-мартта, Стамбулда өттү. Россиялык делегацияны мурдагыдай эле Мединский жетектеп барды. Буга чейин ал Москва Киев менен мунасага келүү үчүн кадам жасай турганын айткан.

“Биринчи кадам Киев менен Чернигов шаарларында акырындык менен аскердик деэскалациялоого тийиштүү. Бул атышууну токтотуу эмес, бул жаңжалды деэскалациялоо боюнча жок дегенде ушул эки багытта аракет кылуу. Экинчи кадам даярдалган келишимди тышкы иштер министрлери менен макулдашуу учурунда жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрүүгө байланыштуу”, — деди Мединский.

Россиялык делегациянын жетекчиси келишимди даярдоо үчүн өтө көп жолду басып өтүү керектигин белгиледи. Россия Украинанын сунуштарын жазуу түрүндө алды, жакында ага жообун берет.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия Киев менен Черниговдогу аскердик аракеттерин азайтат