Кыргызстанда шекер арзандап жатат. Учурдагы баа

Эң ири өндүрүүчү болуп эсептелген "Кайыңды Кант" ишканасына доллардын курсу төмөндөп жана кантка киреше салыгы төлөнбөй калгандыгы үчүн бааны арзандатуу жолун карап көрүү боюнча билдирүү жөнөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Өлкөдө кумшекер арзандап, баасы турукташып калды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирип, учурда нарк кандай болуп калганын айтты.
"Фрунзе" дүкөнүндө (чектөө коюлган) 1 килограммга чейин 60 сом, андан көп болсо 77 сомдон сатылууда. "Народный", "Глобус", "Достор" дүкөндөрүндө канттын баасын түшүрүү маселеси талкууланып жатат.
Мындан тышкары, эң ири өндүрүүчү болуп эсептелген "Кайыңды Кант" ишканасына доллардын курсу төмөндөп жана кантка киреше салыгы төлөнбөй калгандыгы үчүн бааны арзандатуу жолун карап көрүү боюнча билдирүү жөнөтүлдү.
Бул багыттагы иштер Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан улантылат. Республика боюнча чекене баанын төмөндөө тенденциясы байкалып жатканы кошумчаланды.
А4 кагазы эки эсе кымбаттады. Антимонополия себебин жана божомолдорун айтты