БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы NAVRUZ CUP 2022 турниринин алкагында үчүнчү орун үчүн Тажикстандын командасы менен беттешип утулуп калды.
Биринчи таймда кыргызстандык футболчулар катуу чабуул койгону менен гол киргизе алышкан жок. Экинчи таймдын башталышында "Ак шумкардын" дарбазасына пенальтиден тебилген топ кирип, оюн 0:1 эсеби менен жыйынтыкталды. Белгилей кетсек, кыргызстандыктар толук курам менен ойногон жок, эки спортчу оюндан четтетилген (бирөө пенальтиге чейин оюндан чыгарылган). Ал эми каршылаш команданын бир оюнчусуна кызыл карточка көрсөтүлгөн.
Турнир 25-29-март аралыгында Наманганда (Өзбекстан) өттү. Кыргызстандын командасынан тышкары, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Уганданын курама командалары катышты.