БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Евразия элдери ассамблеясынын башкы катчысынын орун басары, профессор Михаил Федоров геосаясий кырдаалдан улам Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү тууралуу айтып берди.
Евразия элдери ассамблеясынын башкы катчысынын орун басары, профессор Михаил Федоров
Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда "Борбор Азия, Россия жана Кытай кызматташтыгынын жаңы форматы" аттуу тегерек стол өттү.
Федоровдун айтымында, кыйынчылыктар — позицияны кайра карап чыгып, Евразия айдыңында өнүгүүнүн жаңы парадигмасын түптөө үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Ал мамлекеттердин кызыкчылыктарын бириктирген "Бир алкак — бир жол" программасы тууралуу да кеп кылган.
"Мисалы, Кыргызстандын балык өстүрүүдө укмуштуудай мүмкүнчүлүгү бар. Бул жакта суу да жетиштүү. Балык өстүрүү Россияга салыштырмалуу эки эсеге арзан. Эми бул продукцияны өндүрүүнүн көлөмү 10 эсеге көбөйүшү ыктымал. Жакында эле балык өстүргөн ассоциациянын башчысы менен сүйлөшүп калдым. Алар 10 миң тонна балык өндүрөт экен. Президент 100 миң чыгаргыла деген тапшырма бериптир. Балык өстүргөндөр 300 же 500 миң тонна продукция өндүрсө, Кыргызстанда бул тармак жакшы өнүкмөк", — деген Федоров.
Профессор азык-түлүк коопсуздугу биринчи планга чыгып жаткан шартта Кыргызстандын органикалык азыктары баалуу болорун айтып, товар алмашууну жеңилдетүү үчүн сапаттуу мыйзам базасы болушу керектигин белгилеген. Профессор айыл чарба тармагын жакшы билген ишкерлерге Кыргызстан кызык экенин белгилеген.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.