Кыргызстандын аскерлери Индияга барып тажрыйба алмашууда. Сүрөт

Машыгуу 7-апрелге чейин созулат. Ага өлкөнүн "Скорпион" жана "Илбирс" аталышындагы атайын багыттагы бөлүктөрү жөнөтүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Индияда кыргызстандык аскерлер жергиликтүү спецназдар менен "Канжар — IХ 2022" аталышындагы машыгуунун алкагында тажрыйба алмашууда. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
1 / 4

Индияда кыргызстандык аскерлер жергиликтүү спецназдар менен "Канжар — IХ 2022" аталышындагы машыгуунун алкагында тажрыйба алмашууда

2 / 4

Биргелешкен машыгуу 7-апрелге чейин созулат

3 / 4

Ага КРдин Коргоо министрлигинин 52806 жана 52870 бөлүктөрүнүн аскерлери жөнөтүлгөн

4 / 4

Кеп "Скорпион" жана "Илбирс" аталышындагы атайын багыттагы бөлүктөр тууралуу болуп жатат.

Биргелешкен машыгуу 7-апрелге чейин созулат. Ага КРдин Коргоо министрлигинин 52806 жана 52870 бөлүктөрүнүн аскерлери жөнөтүлгөн. Кеп "Скорпион" жана "Илбирс" аталышындагы атайын багыттагы бөлүктөр тууралуу болуп жатат.
"Эки жума бою кыргызстандык жана индиялык аскерлер мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топторду тоолуу аймактарда жок кылуу боюнча атайын операцияны ишке ашырууну иштеп чыгышат", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле биргелешкен машыгууда тактикалык, тоо, аскердик-медициналык жана ок атуу даярдыктары боюнча сабактар өткөрүлөт. Андан сырткары, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдуу шарттагы чаралар тууралуу практикалык сабактар жүргүзүлөт.
Жыйынтыгында аскерлер сабакта өткөндөрдүн бардыгын иш жүзүндө көрсөтүп бермекчи.
Белгилей кетсек, "Канжар" биргелешкен машыгуусу Кыргызстан менен Индиянын аскер ведомстволор аралык достугунун алкагында жыл сайын өтүп келет. 2021-жылы Кыргызстанда уюштурулган.
Ташиев: жакында "Байрактарды" колдонуп машыгуу өткөрөбүз