Мэр: 11-кичи райондогу гараждардын ордуна көп кабатуу унаа жайы курулат

Мэриянын маалыматы боюнча, жер тилкеси муниципалитетке таандык.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бишкектин 11-кичи районундагы гараждардын ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров “Ала-Тоо” телеканалынын эфиринде билдирди.
Ал гараждарды сүрдүрүп, аянтты бошотуу ошол эле тургундар үчүн пайдалуу болуп, унаа тыгыны көйгөйүн чечүүгө болорун белгиледи.
Мэриянын маалыматы боюнча, аталган жер муниципалитетке таандык. 2017-жылы соттун чечими менен Гараж куруу кооперативинин жер тилкесин колдонуу укугу жокко чыгарылган. Мындан бир жыл мурун гараж ээлерине жерди бошотуу тууралуу кабарлама берилген.
Кечээ, 28-мартта, мэрия сүрдүрүүнү баштап, гараж ээлери милиционерлер менен чатакташа кеткен болчу. 100гө чукул тургун чыгып, каршылык көрсөткөн. Укук коргоо органдары менен мушташа кеткендер кармалып, түшүндүрүү иштеринен кийин кайра бошотулган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Быйыл Айланма Чүй каналы жана үч суу кампа курулат