ЕБ газды рубль менен алуудан баш тартса кесепети кандай болот. Песковдун жообу

Өткөн жумада Россия Европага газды рубль менен сата турганын жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Евробиримдик газды рубль менен сатып алуудан баш тартса, Россия аны акысыз жеткирип бербейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз кайрымдуулук менен алектенбейбиз. Чыгыш Европага газ бекер жөнөтүлбөйт", — деген Песков PBS телеканалына англис тилинде берген маегинде.
Алып баруучунун "акы төлөбөгөндөрдүн газы өчүрүлөбү?" деген суроосуна маалымат катчы "төлөм жок болсо, газ дагы жок" деп жооп берген. Ошол эле учурда ал газ үчүн рубль менен алуудан баш тарткан учурда көрүлчү аракеттер тууралуу соңку чечим чыга электигин билдиргени айтылды.
Эске салсак, РФ президенти Владимир Путин 23-март күнү Россия кастык мамиледеги мамлекеттерге, тагыраагы, АКШ менен Европага газ менен россиялык товарларды алардын валютасында сатуу маанисиз экенин билдирген. Путин Борбордук банкка Европа менен эсептешүүлөрдү рублге өткөрүүгө бир жума убакыт берген болчу. Ал ошондой эле газ келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө жана баада жеткирилерин кошумчалаган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Германиялык министр: G7 мамлекеттери газды рубль менен сатып алуудан баш тартууда