Бишкек менен Ош шаардык кеңешинин депутаттары отурган буска бак кулады. Видео

Буга чейин Кыргызгидромет Бишкек менен Чүйдүн аймагында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Аламүдүн районунда Бишкек жана Ош шаардык кеңешинин депутаттары отурган маршрутканын үстүнө бак кулады.
Окуя ГЭС-5 районунда болгон. Катуу шамалда бак сынып, депутаттар отурган буска кулаган.
Маалым болгондой, эл өкүлдөрү Ысык-Көлдө өткөн семинардан келе жатышкан. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Буга чейин Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, Бишкек менен Чүйдүн аймагында ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун эскерткен.
Ал эми мэрия айдоочуларды автоунааларын бак-дарактын түбүнө токтотпоого чакырган.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Бишкекте маршрутканын айдоочусу бакты сүзүп каза болду. Сүрөт