БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик согуш туткундарына карата Женева конвенциясын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин интернетте россиялык туткундардын бутуна ок тийген тасмалар пайда болгон. Бул Харьков облусундагы украин улутчулдарынын базаларынын биринде болгон деп айтылат. Жекшембиде Россиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин туткунга түшкөн Россиянын аскер кызматкерлерине жасаган мамилесинин бардык жагдайларын аныктоону тапшырган.
"Биз бул видеону көргөн жокпуз, бирок туткунга түшкөн бардык аскерлерге Женева конвенциясына ылайык мамиле жасалганы принципиалдуу маанилүү", — деди Дюжаррик.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков буга чейин Кремлде россиялык туткундардын кыйноого алынганы тартылган тасмалар көрүлгөнүн, бул аракеттерге катышкандар жоопко тартылышы керектигин билдирген. Россиянын Коргоо министрлиги мурдараак маалымдагандай, Киев режиминин россиялык согуш туткундарына кыянаттык менен мамиле кылган лидерлери, ошондой эле “россиялык аскер кызматкерлерин кыянат кылууга тикелей чакырган” бардык адамдар табылып, жоопкерчиликке тартыларын айткан.