Министрлик Исманкуловдун клиникасы жайгашкан имараттын сыртын оңдоп баштады. Сүрөт

Министрлик мэрия жеке клиника менен ижара келишимин токтотконуна карабастан ээлери азыркыга чейин мамлекеттик органдын талабын аткарбай жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. "Исманкуловдун көз микрохирургиясы" жеке клиникасы жайгашкан Бишкектеги №2 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын сыртын оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Министрлик ремонт иштери 10-15 күндө аяктай турганын, курулушчулар ишке киришкенин айтты.
1 / 2

"Исманкуловдун көз микрохирургиясы" жеке клиникасы жайгашкан Бишкектеги №2 көп тармактуу клиникалык ооруканасынын сыртын оңдоп-түзөө иштери башталды

2 / 2

Министрлик ремонт иштери 10-15 күндө аяктай турганын, курулушчулар ишке киришкенин айтты

Ошондой эле министрлик "Исманкуловдун көз микрохирургиясы" жеке клиникасы мэрия тараптан ижара келишимин токтотуу тууралуу билдирүү алганын, бирок ижарачы азыркыга чейин мамлекеттик органдын талабын аткарбай жатканын белгилеген.
Бул корпуста неврология, терапия жана кардиология кызматтарын көрсөтүү пландалганы кошумчаланды.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №2 көп тармактуу клиникалык ооруканага барып, жеке клиниканын өкүлдөрүнөн жакын арада чыгып кетүүнү талап кылган. Бейшеналиевди ал жакта иштегендер Исманкулов менен телефон аркылуу байланыштырганда министр көз дарыгерин "лопух" деп кекетип, Исманкуловду жакын арада клиникадан чыгарарын айткан.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.
Кыргыз-түрк достугу ооруканасындагы кардиологиялык кызматтын акысы айтылды