БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңешти (Ак үй) курчоо үчүн курулган тосмонун пайдубалы алынууда. Тосмонун өзүн мурда алып коюшкан.
Жеринде "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат.
Аскар Акаев президент болуп турган кезде орнотулган тосмо 2020-жылдын ноябрь айында алып салынган. Бийлик "элге ачык" болгусу келгенин жарыялаган. Тосмонун бир аз гана бөлүгү калган, анда 2010-жылдагы апрель окуясында каза болгондордун аты-жөнү жазылган такта бар.