Радио

Молдокулов: жободо аш-тойдо көп дегенде үч кой союу сунушталууда

Бишкек мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Курманбек Молдокулов аш-тойлордо ысырапкорлукка жол бербөө боюнча шаар бийлиги жобо иштеп чыкканын айтты.
Sputnik
Аш-тойлордо, маркумду узатуу зыйнатында ысырапкорлукка жол бербөө боюнча президенттин жарлыгында жергиликтүү бийликтин жобо иштеп чыгуусу айтылган. Ошонун алкагында Бишкек шаары жобо иштеп чыгып, калаа тургундарынын талкуусуна койду. Бул тууралуу Курманбек Молдокулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жобону талкуулоого бардык шаар тургундары катышып, өз сунуш, пикирлерин бере алышат.
"Азыр биз президенттин жарлыгына таянуу менен жобону жазып чыктык. Бирок Жогорку Кеңеште бул багытта (аш-тойлордо ысырапкорлукка жол бербөө — ред.) мыйзам долбоору каралып жатат. Ал өтүп кетсе андагы эрежелерге шайкеш келтирүү максатында биздин жобонун айрым пунктулары өзгөрүшү мүмкүн. Азырынча тажияда такыр эле мал союлбасын, сөөк жерге берилген соң бир нече күндөн кийин эскерип мал сойсо болот деп жатабыз. Бирок анда да бодо мал эмес, ашып кетсе үч майда жандык союуга жол берилет. Келген кишилердин саны тажияда чектөөсүз болот, ал эми той-аштарда 250дөн ашырбоо сунушу айтылып жатат. Муну менен катар эле башка майда-чүйдө чыгымдарга да тыюу салуу сунушталууда. Учурда Бишкек казыяты менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Белгилей кетчү жагдай, жобону талкуулоого ар бир бишкектик катыша алат", — деди Молдокулов.
Ал жогорудагы эрежелерди сактоону алгач аткаминерлер колго алуусу зарылдыгын кошумчалады.