БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. АКШда азык-түлүк тартыштыгы күтүлбөйт, бирок Украинадагы окуялар жана Россияга салынган санкциялардан улам баалар көтөрүлүшү мүмкүн. Бул туурасында Ак үйдүн экономика боюнча кеңешчилер тобунун башчысы Сесилия Роуз айткандыгын РИА Новости жазды.
"Дефицит болот деп күткөн жокпуз, себеби биз негизинен экспортербуз. Бирок дүйнөдө буудайдын экспортуна көз каранды болгон аймактар бар экендигин билип турабыз", — деген ал журналисттер үчүн уюштурулгун брифингде.
Роуз Россиянын мунайы менен мунай затын сатып алуудан баш тарткандыктан АКШдагы күйүүчү майга болгон баага санкциялардын "бир топ таасирин" бийлик байкап жаткандыгын айткан.
"Биз аны менен катар эле жер семирткичтер жана энергоресурстардан улам (алардын бааларынын өсүшү) азык-түлүктөгү дагы өзгөрүү, натыйжаларды көрүшүбүз мүмкүн", — деп кошумчалаган ал.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.