Абдрахматова балалуу аялдардын жаза өтөө мөөнөтүн жылдырууну сунуштады

Түрмөдө отурган аялдар соттор колунда бар адамдар акча төлөсө жаза мөөнөтүн өтөөдөн кутултуп, аларды дискриминациялап жатканына даттанышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 14 жашка чейинки балдары бар аялдардын жаза өтөө мөөнөтүн жылдырууну сунуштады.
1 / 3

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 14 жашка чейинки балдары бар аялдардын жаза өтөө мөөнөтүн жылдырууну сунуштады

2 / 3

Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы Абдрахматова аялдардын №2 түзөтүү колониясына барып, жазасын өтөп жаткан жарандар менен жолукканын билдирди

3 / 3

Ал кичинекей балдары бар аялдарга өзгөчө маани бергени белгиленет

Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы Абдрахматова аялдардын №2 түзөтүү колониясына барып, жазасын өтөп жаткан жарандар менен жолукканын билдирди. Ал кичинекей балдары бар аялдарга өзгөчө маани бергени белгиленет.
"Азыркы учурда 3 жашка чейинки наристеси бар 9 аял абакта кармалып турат. Эне-балага түзүлгөн шарт жана медициналык камсыздоо, тамак-аш маселелерине көңүл бурулду. Балдар үчүн ойноо аянтчасынын жоктугу, керектүү шарттар түзүлбөгөнү, коопсуздугу камсыздалбаганы дароо байкалды. Кир жуугуч машинасы жок, кичинекейлерге жалаяк жана манеждер жетишпейт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле алар жаш балдары бар аялдар соттолгондо жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгү берилбей жатканын айтышкан.
"Паракорлук менен, кызматтык абалын колдонуп кылмыш жазасына тартылгандардын жазасын өтөө кийинкиге жылдырылат, эмне үчүн бул кепилдик башкаларга колдонулбайт", — деп даттанган соттолгон аялдар.
Ошондой эле материалдык зыянды (акча каражат) төлөй албаса соттор шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартып, дискриминация кылып жатканын белгилешкен.
"Чоң акчага зыян келтиргендер көмүскө коюлган талаптарды аткарып, бир күн да камакта болбой тергөө абагынан ары эле эркиндикке чыгып кетишет. Биз болсо акчабыз жок көмүскө талаптарды аткара албайбыз. Мыйзам бардыгына бирдей колдонулбайт", — деп айткан соттолгон аялдар.
Акыйкатчы 14 жашка чейинки балдары бар аялдарга жаза өтөө мөөнөтүн жылдыруу зарылдыгын белгилеп, бул ченем Кылмыш-жаза кодексинин 87-беренесинде да каралганын эскерткен.
Аялдар жаткан абакка Абдрахматова юстиция министри Аяз Баетов, Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам борбору менен биргеликте барып, мониторинг жүргүзгөн.
Мындан сырткары, жакын арада Акыйкатчы аппараты жаза аткаруу мекемелерине, мамлекет тараптан дайындалган адвокаттардын ишмердүүлүгүнө, соттордун иштөө процессине мониторинг баштай турганы айтылды.
Акыйкатчынын өкүлү № 47 абакка барып Алмазбек Атамбаевдин абалы менен таанышты