"Түндүк электрдин" кызматкерлери 39 млн. сом зыян келтирген деп кармалды

Кармалгандар электр энергиясына болгон карыздарды төлөөдөн мыйзамсыз түрдө бошоткон деп шектелүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "Түндүк электр" ишканасынын кызмат адамдары жана ушул компаниянын директорунун мурдагы орун басары кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, "Түндүк электрдин" жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып, бул аракеттерден улам 39 миллион сомдук зыян келтирген. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен иш козголгон.
Кылмышка шектүү катары "Түндүк электр" ААКнын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Б.Т.О. жана Бишкек шаары боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы С.М.С. кармалды. Баары убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Түндүк электр" баштаган төрт компания "Улуттук электр тармактарына" кошулмакчы