Адис интернет-шылуундуктун жаңы түрү тууралуу айтып берди

Адистин айтымында, шылуундар элге телефон, электрондук почта, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу кайрылышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Учурда айрым товарлардын тартыштыгы пайда болгонуна байланыштуу муну шылуундар пайдалана баштады. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине курган маегинде Россиянын Финансы министрлигинин алдындагы Финансылык сабаттуулук борборунун адиси Николай Дмитриев билдирди.
"Шылуундар интернет-дүкөн деп ачып алышып, паникага алдырып айласын таппай турган кишилерге жок товарларын сунуштай баштады. Көбүнесе алар автоунаанын тетиктерин, дары-дармекти, тамак-аштын айрым түрлөрүн, компьютерлерди сатабыз деп жатышат. Ишенгендер аларга акчасын которуп, андан кийин таппай калышууда", — деди Дмитриев.
Адистин айтымында, шылуундар элге телефон, электрондук почта, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу кайрылышы мүмкүн.
Мындан тышкары, учурда төмөнкү пайыз менен насыя берем дегендер да көбөйүүдө. Алдоонун кандай жолу болсо дагы "кызматын" сунуштап жаткан тарап алгач банктык картанын номерин жиберүүнү суранат.
Мындан улам адис мурда иштешип жүргөн адамдар же дүкөндөрдүн расмий өкүлчүлүктөрү гана болбосо, башка учурда эч кимге банктык карта тууралуу маалыматты бербеш керектигин эскертет.
Сурамжылоо жүргөн жок! Улуттук банк 50 миң сом тууралуу тараган маалыматты төгүндөдү