Тажияда мал союу — ысырапкорлук. Анткени бири-бирине атаандашып отуруп беш жылкы сойгондор бар экен. Андан көрө ошол акчаны келечек муундун билимдүү, илимдүү болуусуна коротсок туура болот. Мындай пикирин Гүлайым Жумабаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, маркумду узатууда мал союу өзгөчө шаарда, кабат үйлөрдө жашагандарга түйшүк жаратат.
"Кыргызда бүлүнгөндөн бүлдүргү алба" деген сөз бар. Өзү кайгырып, ыйлап отурган үйдөн эт алып келип балдарга берип же өзүбүз жегенибиз, демек, ата-бабалар үчүн деле терс көрүнүш болмок. Айрым салттар ошол учур үчүн маанилүү болгон. Бирок азыркы күндө зарылчылыгын жоготту. Маркумду узатуудагы ашыкча ысырапкорлуктар деле ушундай. Андан көрө ошол каражатты ден соолугун чыңдоого, үй-бүлөсүнүн башка муктаждыктарына, балдарынын билимине жумшасын да. Анан киши көз жумган соң кайра-кайра эле ый чакырып, үчүлүгү, жетилиги, кырк-ашы деп мал соё бергендин эмне кереги бар. Ооба, эскерип, урматын көрсөтүп, куран окуп туруу керек, бирок экономикалык чыгымдарсыз эле жасалса болбойбу. Азыр кыргыз коомунун кризиси эле көбөйүп кетти. Экономикалык, руханий, адеп-ахлактык, айтор, кризистерден башыбыз чыкпай калды. Мына ушул абалыбызды оңдоп, керексиз жөрөлгөлөрдөн арылып, улуттун, өлкөнүн келечегин ойлосок", — деди Жумабаева.
Ал келечек муунга сөз менен эмес, баскан-турганыбыз менен өрнөк болорубузду унутпоону кошумчалады.