20 күн болду. Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жашар бала изделүүдө. Видео

Жеткинчек балдар менен муз тээп жүрүп сууга түшүп кеткен. Куткаруучулар аны издеп жатканына 20 күн болду.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Нарын облусундагы Орто-Нура айылында Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, бөбөк 8-марттан бери табылбай жатат. Ал тестиер балдар менен муз тээп ойноп жүрүп сууга түшүп кеткен.
ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, аны издөө иштерине дагы төрт суучул кошулуп, жалпысынан 42 куткаруучу тартылды. Алар алты топко бөлүнүп иштешүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин болжол менен Нарын дарыясынын 155 чакырым аралыгында издөө иши жүргүзүлгөнү айтылды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Токмокто эне-бала жана 16 жаштагы кыз изделүүдө. Белгилери