Россиялыктар арасында Украинадагы атайын операцияны колдогондор көбөйдү

Респонденттерге "Февралдын аягында Украинада аскердик операция башталды. Сиздин оюңузча, аны өткөрүү чечими туурабы же туура эмеспи?" деген суроо берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. "Коомдук пикир" фонду жүргүзгөн сурамжылоодо россиялыктар арасында Украинадагы атайын операцияны колдоонун деңгээли өсүүдө.
Респонденттерге "Февралдын аягында Украинада аскердик операция башталды. Сиздин оюңузча, аны өткөрүү чечими туурабы же туура эмеспи?" деген суроо берилген.
Абсолюттук көпчүлүк (73 пайыз) чечимди туура деп атаса, 14 пайызы карама-каршы пикирлерин билдирип, ошол эле сандагылар жооп берүүдөн кыйналышты. Ал эми 13-мартта өткөрүлгөн сурамжылоодо респонденттердин 68 пайызы атайын операцияны колдосо, 15 пайызы колдогон эмес.
Атайын операциянын максаттары тууралуу суроого 71 пайыз киши "Россиянын коопсуздугун камсыз кылуу, Украинаны куралсыздандырууга, анын аймагында НАТОнун базаларын жайгаштырууга жол бербөө" деп жооп берди. 52 пайызы “ДЭР жана ЛЭР калкын коргоо" деп эсептейт. 21 пайызы “Украинанын саясий багытын өзгөртүү, улутчулдарды бийликтен кетирүү” деген ойдо. 10 пайыз киши “Украинанын мамлекеттүүлүгүн жок кылуу, анын Россиянын аймагына кошуу максаты бар” десе, сегиз пайыз киши таптакыр жооп бергиси келген эмес.
Сурамжылоо Россиянын 53 субъектисинде, 104 калктуу конушунда жүргүзүлүп, ага 1 500 респондент катышкан. Статистикалык ката 3,6 пайыздан ашпайт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Зеленскийдин Украинада референдум өткөрүү боюнча айтканына жооп кайтарды