Орозо Кыргызстанда 2-апрелде башталат

Рамазан айы 30 күнгө созулат, 2-май — Орозо айт болушу ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстанда орозо айы 2-апрелде башталат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Казакстандын муфтияты орозо айы быйыл 2-апрель күнү башталарын билдирип, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын дин башкармалыктары биргеликте чечим кабыл алганын кабарлаган.
Рамазан айы 30 күнгө созулуп, 2-май — Орозо айт болушу ыктымал. 27синен 28-апрелге караган түнү кадыр түн болушу мүмкүн.
Орозо 2022: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары