БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы 11-кичи райондогу гараждарды эмненин негизинде түрттүрүп жатканын түшүндүрдү.
Бүгүн аталган аймактагы гараждарды түрттүрүү иштери башталган. Жеринде гараж ээлери милиционерлер менен чатакташа кеткен. 100гө чукул тургун чыгып, машина коюучу жайларды бузууга каршылык көрсөткөн. Укук коргоо органдары менен мушташа кеткендер кармалып, түшүндүрүү иштеринен кийин кайра бошотулган.
Мэриянын маалыматы боюнча, аталган жер тилкеси муниципалитетке таандык. 2017-жылы райондор аралык соттун чечими менен Гараж куруу кооперативинин жер тилкесин колдонуу укугу жокко чыгарылган.
"Соттук жыйынга бардык тараптар катышкан, анын ичинде кооперативдин төрагасы В. И. Шульгин жана өкүлү М. Макенов да болгон. Соттук акт алардын колуна берилген, бул тууралуу тийиштүү тил каты бар. Кийин гараж кооперативи Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык даттануу жиберип, бирок мамлекеттик пошлинаны төлөбөгөнү үчүн арызы артка кайтарылган. Андан соң Жогорку Сотко кайрылышып, анда экинчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылган", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия муниципалдык аймактагы объектилерди түрттүрүү сот чечимине ылайык жүргүзүлүп, гараж кооперативинин төрагасына алдын ала бир нече ирет кабарлама берилгенин белгиледи.
Ошондой эле эгер ээлери өз каалоосу менен чыгарып кетпесе, муниципалдык инспекция аны түрттүрүп салууга аргасыз болорун эскерткен кагаздар гараждарга чапталганы айтылды.