Быйыл орозо 2-апрель күнү башталат

Рамазан айы 30 күнгө созулат, 2-май — Орозо айт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Орозо айы быйыл 2-апрель күнү башталат. Бул тууралуу Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын дин башкармалыктары биргеликте чечим кабыл алганын Казакстандын муфтияты маалымдады.

"Наиб муфтий, фатва жана шариат бөлүмүнүн башчысы Сансызбай Курбанулы быйыл орозо 2-апрелде башталарын билдирди. Мындай биргелешкен чечим Өзбекстан жана Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыктары менен макулдашылган", — деп айтылат маалыматта.

Рамазан айы 30 күнгө созулат, 2-май — Орозо айт. 27синен 28-апрелге караган түнү кадыр түн болушу мүмкүн.
Кыргызстандын муфтиятынан азырынча так датасы белгилүү боло электигин, маалыматты бир аздан соң беришерин айтты.
Муфтият буга чейин мусулмандар өз каалоосу менен бере турган битир-садаганын баасын бекиткен.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram-каналыбызга катталыңыз.
Орозо 2022: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактылары