Кыргызстандыктар 1-майдан 10-майга чейин эс алышы мүмкүн

Беш күндүк график менен иштегендер май айында тогуз күн эс алышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар 1-майдан 10-майга чейин эс алышы мүмкүн. Себеби 1, 5 жана 9-май майрам күндөрү болсо, Орозо айт майдын башталышына туура келүүдө.
4-5-май иш күн болгондуктан бул күндөрдү 30-апрелге жана 14-майга (ишемби күндөргө дал келет) жылдыруу сунушталууда.
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдиргендей, учурда бул маселе боюнча тийиштүү документтер даярдалып жатат.
2022-жылдагы майрам жана дем алыш күндөрдүн календары менен таанышып алыңыз.
Орозо Кыргызстанда 2-апрелде башталат