БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Өлкөдө акыркы жумада жол эрежесинин 18 609 ирет бузулганы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Инспекторлор жол кырсыктарынын жана жол эрежелеринин одоно бузулушун алдын алуу максатында республиканын аймагында рейддерди өткөрүп келишет.
Рейддин жыйынтыгы:
катуу айдагандар — 2 815;
тиешелүү документтерисиз автоунаа башкаргандар — 232;
автоунааны жараксыз айдоочулук күбөлүк менен айдагандар — 1;
транспорт каражатын эксплуатациялоонун эрежелерин бузгандар — 6 714;
ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандар —14;
ээнбаштык кылган айдоочулар — 2;
жол эрежелерин бузган жөө адамдар — 641;
автоунаанын түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизгендер — 88;
жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар — 7 200;
автоунаанын айнектерин караңгылатып айдагандар — 34;
ичип алып айдагандар — 336;
автоунаа айып короого токтотулган учурлар — 909.