Ким Чен Ын: Түндүк Корея чабуул койчу куралдарды жасоону улантат

Түндүк Кореяда жаңы типтеги "Хвасон-17" аталышындагы баллистикалык ракета сынамык иретинде ийгиликтүү учурулгандыгын кабарлашты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкө чабуул койчу куралдарды жасоону уланта турганын билдирди. Бул тууралуу Ренхап агенттигинин маалыматына таянып РИА Новости кабарлады.
Белгилүү болгондой, Түндүк Кореяда жаңы типтеги "Хвасон-17" аталышындагы баллистикалык ракета сынамык иретинде ийгиликтүү учурулган.
"Биз улуттук коргоонун потенциалын бекемдеп, элдик армияны камсыз кылуу үчүн чабуул жасай турган күчтүү куралдарды жасоону улантабыз", — деген Түндүк Корея лидери.
Бул мамлекет 24-марттагыны эсептегенде жыл жаңыргандан бери 12 баллистикалык ракетасын учурду.
Ким Чен Ын: АКШ аскерлери боюнча маалымат чогултчу спутник учурдук