БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Улуттук статистика комитети элди каттай турчу адамдын шылуун эмес экенин кантип билсе болорун түшүндүрүп берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 25-мартта элди жана турак жай фондун каттоо башталды. Анын алкагында каттоочу ар бир үйгө барып жынысы, туулган жылы, үй-бүлөлүк абалы, улуту, жашаган жана туулган жери, жарандыгы, билген тилдери, билими, жашоо шарты, иштеген жери жана киреше булагы боюнча суроолорду берет.
"Каттоочу аты-жөнү жазылган, сүрөтү, жетекчиликтин кол тамгасы коюлуп, мөөр басылган күбөлүктү көрсөтүшү керек. Ал документте үч кишинин кол тамгасы болот. Бири — мамлекеттик жергиликтүү администрация башчысы, шаар мэринин жана Улуттук статистика комитетинин аймактык органынын жетекчисинин кол тамгасы. Күбөлүктүн алдында QR-код дагы бар. Күмөн санасаңыз, сканерлеп көрүңүз. Анда документ көрсөтүп, өзүн каттоочумун деп тааныштырган адамдын аты-жөнү чыгып калат. 1216 номери менен борборго чалып сурасаңыз, сиздин үйгө келчү каттоочунун аты-жөнүн айтышат", — деп түшүндүрдү комитет.
Бардыгы болуп каттоо кампаниясына 28 миң киши тартылган. Алардын 25 миңи — каттоочулар.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.