Доллар арзандап, бензин кымбаттады. 28-мартка карата баалар

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Дем алыш күндөрү доллар менен евронун курсу төмөндөп, алтын куймалар да арзандады. Ал эми күйүүчү май кымбаттаган.
Ишемби күндүн таңына салыштырмалуу доллардын курсу сатуу да, сатып алуу да 66 тыйынга арзандаган. Евронун курсу да төмөндөп, сатып алуу 1,26 сомго, сатуу 1, 22 сомго түштү. Теңге менен рублдин баасында бир аз айырмачылык болду.
Доллар:
Сатып алуу — 89,54 сом;
Сатуу — 91,54 сом.
Евро:
Сатып алуу — 98,72 сом;
Сатуу — 100,76.
Рубль:
Сатып алуу — 0,86 сом;
Сатуу — 1,01 сом.
Теңге:
Сатып алуу — 0,11;
Сатуу — 0,20 сом.
"Газпром нефть Азия" май куюучу жайда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 50 тыйынга, дизель майы 20 тыйынга кымбаттаган. Тагыраагы, АИ-92 бензини 63 сомдон, АИ-95 түрү 66,5 сомдон сатылууда. Ал эми "Бишкек Петролеумда" АИ-92 бензини 62,9 сомдон, АИ-95 65,9 сом болууда.
Алтын куймалар арзандаган. Маселен, бир граммдыктардын баасы 37,5 сомго түшкөн.
Путиндин газ боюнча кескин талабы. Европанын башка аргасы жок