БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Чүйдүн Москва районунун Ак-Торпок айылында эки автоунаа кагышып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жол кырсык бүгүн, 25-мартта, саат 08:40тар чамасында катталган.
Жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилгени кошумчаланды
© Фото / пресс-служба МЧС КР
"Honda Stepwgn үлгүсүндөгү эки темир тулпар сүзүшүп, 11 киши жабыркаган. Э. Ж. аттуу адам кырсык болгон жерден мүрт кеткен. Анын автоунаага кыпчылып калган сөөгүн ӨКМдин куткаруучулары чыгарып, Москва РИИБдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.
Жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилгени кошумчаланды.
Жаңылыктарды кыска жана ыкчам окугуңуз келсе Telegram каналыбызга катталыңыз.