Чүйдө эки өспүрүмдү кагып качып кетти делген айдоочу кармалды. Сүрөт

Бишкектен анча алыс эмес жерде BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу эки өспүрүмдү сүзүп, качып кеткени белгилүү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 28-март. — Sputnik. Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, Аламүдүн районунда эки жөө адамды сүзүп кеткен шектүү кармалды.
1 / 3

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, Аламүдүн районунда эки жөө адамды сүзүп кеткен шектүү кармалды

2 / 3

Жол кырсыгы өткөн түнү Төмөнкү Ала-Арча айылында болгон. Кырсыктын кесепетинен 13 жана 12 жаштагы эки өспүрүм жабыркаган.

3 / 3

Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, андан соң унаа айып жайга киргизилет. Тергөө иштери уланууда.

Жол кырсыгы өткөн түнү Төмөнкү Ала-Арча айылында болгон. Кырсыктын кесепетинен 13 жана 12 жаштагы эки өспүрүм жабыркаган.
Бүгүн кылмышка шектүү катары 21 жаштагы айдоочу кармалды.
“Милиция кызматкерлери балдарды кагып кетти делген BMW үлгүсүндөгү унааны табышты”, — дешти ШИИБден.
Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, андан соң автоунаа айып короого киргизилет. Тергөө иштери уланууда.
Сарайдан уурдаган. Чүйдө базарда мылтык сатып жаткан киши кармалды