БУУ Украина кризисинен улам кайсы мамлекеттерде ачкачылык болорун айтты

Маалыматка караганда, дүйнө жүзү колдонуп жаткан буудайдын 24 пайызын, ал эми өсүмдүк майынын 73 пайызын Россия менен Украина экспорттойт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Украинадагы кырдаалга жана Россияга каршы санкцияларга байланыштуу Йемен, Афганистан, Сирия жана Африкадагы бир катар өлкөлөр биринчилерден болуп ачкачылыкка кептелиши мүмкүн. Бул тууралуу "Известия" басылмасына БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан билдирди.
Маалыматка караганда, дүйнө жүзү колдонуп жаткан буудайдын 24 пайызын, ал эми өсүмдүк майынын 73 пайызын Россия менен Украина экспорттойт. Учурда буларды жеткирүүлөр кечиктирилип жаткандыктан дүйнө жүзүндө тамак-аш кымбаттоодо.
"Учурда кризис дүйнө жүзү боюнча акырындык менен күч алып келе жатат. Тамак-аш, энергия булактары, жер семирткичтер кымбаттады. Бул нерсе глобалдык ачарчылыкка алып келиши мүмкүн", — деди БУУнун башчысы Антониу Гутерриш.
Жогоруда айтылган өлкөлөрдө Украина кризисине чейин эле жашоо татаал болгон. Кеп 38 өлкө жана анда жашаган 44 миллион киши тууралуу болуп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Адамзат Украинадагы абалдан улам ачарчылыкка кабылышы мүмкүн