Бишкектин Октябрь райондук прокурорунун жардамчысы кармалды. Видео

Азыркы учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун жардамчысы Т.Н.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
"Шектүү Л.Р. аттуу жарандын ага болгон карызы үчүн У.С. аттуу кишинин 35 миңден ашык долларлык жүк ташуучу автоунаасын мыйзамсыз түрдө тартып алган. Ошондой эле 30 миң доллар же кыймылсыз мүлкүн жакын туугандарына каттатып берүүсүн талап кылганы аныкталган. Тинтүү иштеринин натыйжасында У.С. аттуу жарандын жеке үйү шектүүнүн тууганына кайра катталганы тууралуу далилдер алынды", — деп айтылат маалыматта.
Т.Н.Ж. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
"Түндүк электрдин" кызматкерлери 39 млн. сом зыян келтирген деп кармалды