БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Москва районунун Беловодское айылындагы базарда бир атар мылтык сатып жаткан киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси менен ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") сотко чейинки өндүрүш башталган.
"Алгач маалымат түшкөндөн кийин ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, курал сатуу фактысы тастыкталды. 55 жаштагы Ц. А. аттуу киши айылдын базарында ТОЗ 16-калибрдеги бир атар мылтыкты жана ок-дарысы менен сатканы белгилүү болгон. Ал куралды Чүй облусунун Панфилов районундагы кашарлардын биринен уурдап кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.