АКШда Жозеф Байдендин рейтинги түшүп кетти

Жарандарга "АКШдагы азыркы кырдаалды оор деп эсептейсизби?" жана "АКШны дүйнө лидери позициясынан алыстатчу артка кетүү доору башталдыбы?" деген суроолор берилди. Сурамжылангандардын 53 пайызы экинчи суроого "ооба" деп жооп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. АКШда сурамжылоо жүргүзүлүп, анда жооп бергендердин жарымынан көбү бийликке нааразы экендигин билдиришкен. Бул тууралуу NBC News телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Жарандарга "АКШдагы азыркы кырдаалды оор деп эсептейсизби?" жана "АКШны дүйнө лидери позициясынан алыстатчу артка кетүү доору башталдыбы?" деген суроолор берилди. Сурамжылангандардын 53 пайызы экинчи суроого "ооба" деп жооп беришкен.
Сурамжылоо 18-22-март күндөрү жүргүзүлүп, ага миң киши катышкан. Респонденттерге "учурдагы президенттин Украинадагы кырдаал боюнча туура чечим кабыл аларына ишенесизби?" деген суроо дагы узатылган. Алардын 12 пайызы гана Жозеф Байденге толугу менен ишенерин айтышты. 27 пайызы анча ишенбестигин билдирсе, 44 пайызында өз президентине ишеними өтө эле төмөн экени белгилүү болду. Ал эми анын азыркы иш-аракеттерин колдобогондор сурамжылоого катышкандардын 55 пайызын түзгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Дональд Трамп Украинадагы кырдаалга Байденди күнөөлөдү